ЖМК этикасы боюнча Меморандум кабыл алынды

7-июлда Бишкекте Кыргызстан, Казакстан, Монголия, Өзбекстан жана Тажикстанда иш алып барган медиа уюмдар MediaNetwork CA тармагын түзүү боюнча меморандум кабыл алышты. Меморандумда бул уюм журналисттик стандарттардын жана кесиптик этикалык нормалардын сакталышын жактап, кесипкөй медиалардын калыптанышына салым кошору жазылган.

Меморандумга Кыргызстандан ЖМКларга даттанууларды териштирүү боюнча комиссиясынын төрайымы Тамара Валиева, Монголиянын медиа боюнча кеңешинин жетекчиси Гунжидмаа Гондор, Өзбекстандын медиа боюнча кеңешинин төрагасы Карим Бахриев, Казакстандын медианын өзүн-өзү жөнгө салуусу боюнча коомдук комитеттин төрайымы Жылдыз Абдилда жана Тажикстандын ЖМК боюнча кеңешинин төрайымы Хуриннисо Ализода кол койду.

Snimok 2 1 ЖМК этикасы боюнча Меморандум кабыл алынды