Министрлер кабинети ишкерлерди колдоого бюджеттен 2 млрд сом бөлөт

Былтыркы жылы республикалык бюджеттен үстөксүз насыяларды берүүгө 1 миллиард 756 миллион сом жумшалды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин сайтында маалымдалды.

Бул каражатты Каржы министрлиги чакан жана орто бизнести колдоо долбоорунун алкагында коммерциялык банктарга бөлүп бергени айтылат.

«Ишкерлерге 1 миллион сомдон 3 миллион сомго чейин пайызсыз насыялар берилип жатат. Бүгүнкү күндө 4 миңден ашуун ишкер үстөксүз насыя алышты«, — деп айтылат маалыматта

Кошумчаласак, бул долбоордун алкагында 2023-жылы чакан жана орто бизнести колдоого 2 млрд сом бөлүнөрү күтүлүүдө.