“Медиктерге сөгүш берилди”: №1 төрөтканада жерге түшүп кеткен ымыркайдын абалы айтылды

Бишкектеги №1 төрөт үйүндө ымыркай төрөлүп жатканда жерге түшүп кеткен окуяга байланыштуу бир катар медиктерге сөгүш берилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Раиса Асылбашева журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, тийиштүү көзөмөл жүргүзбөгөнү үчүн башкы дарыгердин эки орун басары, ошондой эле ошол түнү иштеген нөөмөттөгү дарыгер менен эки акушер жазаланды.

Асылбашева ымыркайдын абалы жакшырып, башка бөбөктөр сыяктуу эле кыймыл-аракетке келип калганын белгиледи. Буга чейин ал башынан жаракат алганы айтылган.

“Эмчек эмип жатат, көзүнүн көрүүсү жакшы, буту-колун кыймылдатууда. Биз дагы консультация жүргүзөбүз, жалпысынан алганда абалы жакшы”, — деди башкы адис.

Эске сала кетсек, соцтармактарда кокусунан аялдын толгоосу башталып, дарыгерлерди чакырганы, бирок аны эч ким карабай койгону жазылган. Аялдын айтымында, медиктер “азыр эрте” деп келбей койгон. Посттун автору ымыркайдын башы чыгып калганда аны кармаганча болбой толугу менен чыгып кетип жерге түшүп кеткенин жазган. Медиктердин шалаакылыгы үчүн башкы дарыгердин орун басары кечирим сураганы айтылган.

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Раиса Асылбашева ошол кезде баланын абалы туруктуу оор экенин билдирген.