Самарадагы заводдогу жарылуудан алты адам каза болду

Самара облусунун Чапаевск шаарындагы “Промсинтез” заводунда болгон жарылуудан алты адам каза болду. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.

«Чапаевск шаарындагы «Промсинтез» заводунун цехинде оңдоо иштеринин жүрүшүндө жарылуу болуп, анын кесепетинен 8 адам жабыркап, анын алтоо каза болду», — деп айтылат маалыматта.

«Промсинтез» Орусия жана КМШда өнөр жай жардыргыч заттарды негизги өндүрүүчүлөрдүн бири болуп саналат.