Ош шаарында 25 жаштагы кыз зордукталды

Ош шаарында 25 жаштагы кыз “Казак” каймана аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү тарабынан зордукталганын билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 25-июнда болгон. “Казак” каймана аттуу У.М. достору менен шаардагы мейманканалардын биринде 25 жаштагы кызды зордукташкан.

Ал эми Ош ШИИБинен билдиргендей, аталган факт 26-июнда маалыматтардын электрондук журналына катталган.

Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. 

Белгилей кетсек, У.М аттуу жаран уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары бир нече жылдан бери ИИМдин каттоосунда турат. Ал 16 жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган. 

Ал эми У.М.нын жактоочусу Динара Турдуматованын айтымында, У.М. уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү эмес.

“У.М.дан эмне үчүн аты-жөнүн өзгөрткөнүн сураганда ал аты-жөнүн өзгөртүүсү кылмыш иштерин жашыргысы келгени менен байланыштуу эмес экенин болгону 5 маал намаз окуп баштагандыктан өзгөрткөнүн билдирген. 

Чындыгында У.М.нын чыныгы аты-жөнү. Э.К. “Казак” аттуу каймана ат анын фамилиясы менен байланыштуу. Ал мектепте окуп жүргөндө эле ушул каймана ат менен аташчу экен”, – дейт жактоочу.