Түркияда изделип жаткан кыргыз кызы табылды

Стамбул шаарында дайынсыз болуп жаткан кыз аман-эсен табылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Лира Сыдыкова билдиргенин Би-Би-Си жазды.

Башкы консул кыз качан жана кимдер тарабынан табылганын тактаган эмес.

Эске салсак, 24-июнь күнү Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугуна кыргызстандык аял чалып, кызы дайынсыз болуп жатканын кабарлаган. Кыз Болгариянын Варна шаарына жолго чыккан. Ал Бишкектен Стамбулга учак менен барып, андан ары автобус менен Варна шаарына кетмек болгон.