Стамбулдагы жардыруудан 6 киши каза тапты, – сүрөт, видео

13-ноябрда Түркиянын Стамбул шаарынын борборунда болгон жардыруудан, акыркы маалыматтар боюнча, 6 киши курман болуп, 53 киши жабыркады. Бул тууралуу президент Режеп Тайип Эрдоган билдирди.

Ал Стамбулдун борборунда «бомба менен кол салуу болгонун» айтып, теракттын «жыты» бар экенин белгиледи.

«Алгачкы териштирүү учурунда, кескин түрдө «теракт» болду деп айтсак жаңылыштык болушу мүмкүн. Бирок бизге берилген алгачкы маалыматтарга караганда теракттын жыты бар», — деди ал.

Эрдоган бул окуяга күнөөлүүлөр жазасын аларын белгиледи.

Эскерте кетсек, 13-ноябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 16:20да Бейоглу районунда, Таксим аянтына чыккан Истикляль көчөсүндө жарылуу болгон.

7c5ed291 cf60 4313 9f30 14c762112f0b Стамбулдагы жардыруудан 6 киши каза тапты, - сүрөт, видео
d2c307fe 8e65a8b06780c577aa1fbd9f141a312d Стамбулдагы жардыруудан 6 киши каза тапты, - сүрөт, видео