Он бүтүрүүчү Кытайдын ЖОЖдоруна бюджеттик негизде окууга өттү

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолукту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда кытай элчиси министр Иманалиевге КМШ Стипендиялары программасынын алкагында Кытайдын жогорку окуу жайларына өткөн 10 кыргызстандык стипендиаттын тизмесин тапшырды.

Элчи кыргызстандык студенттер аракетчил келерин айтып, Кыргызстандан барган студенттер Кытайдын жогорку окуу жайларында билимин мыкты көрсөткүчтөр менен улантып жатканын белгиледи.

Мындан тышкары, элчи Ду Дэвэнь 13-июлдан 25-июлга чейин Кытайда уюштурула турган жайкы лагерге кытай тарап эки окуучуну бир коштоочусу менен чакырып жатканын кабарлады.

Министр Каныбек Иманалиев Ду Дэвэнге жагымдуу жаңылыгы үчүн ыраазычылык билдирип, жайкы лагерге бара турган окуучулардын тизмеси 1-2 күндө такталып, жибериле тургандыгын айтты.

Буга кошумча Каныбек Иманалиев президент Садыр Жапаров июнь айындагы Кытайга болгон сапарында кыргыз-кытай мамилеси кызматташтыктыктын жаңы деңгээлине чыккандыгын айтканын билдирип, коңшу өлкөгө көрсөтүп жаткан көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ынак достук жана жакын коңшулук мамилелерине негизделген кызматташтыкты өнүктүрүүдө билим берүү жана илим тармагы өзгөчө орунга ээ экендиги белгиледи.

350535536 665661095607638 4386192344559496755 n 1536x1024 1 Он бүтүрүүчү Кытайдын ЖОЖдоруна бюджеттик негизде окууга өттү