Талибан Швеция бийлигин Куранды өрттөөгө уруксат бергени үчүн айыптады

Талибан Швеция бийлигин Куранды өрттөөгө уруксат бергени үчүн айыптап, ислам өлкөлөрүн чара көрүүгө чакырды, деп билдирди Талибан өкмөтүнүн Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Абдул Кахара Балхи.

“Ооган Тышкы иштер министрлиги либералдык экстремист тарабынан Ыйык Курандын көчүрмөсүн өрттөшүн, ошондой эле Швеция бийлигинин эркиндикке шылтоолоп, уруксат берүүсүн эң катуу айыптайт. Исламдын эң ыйык күндөрүнүн биринде мечиттин алдында мындай төмөн иш-аракеттерге уруксат берүү Швеция бийлигинин бул динге жана анын эки миллиардга жакын мусулмандарга карата өтө катуу жек көрүүсүн көрсөтөт”,-деп жазды Балхи Твиттерде.

Ал ошондой эле ислам өлкөлөрүн жана уюмдарын, өзгөчө Ислам Кызматташтык Уюмун “бардык керектүү чараларды көрүүгө” чакырды.

Эскерте кетсек, Швециянын полиция кызматы Курман айт күнү Стокгольмдогу башкы мечитте Куран өрттөгөн нааразылык акциясына уруксат берген.