Төлөгөн Касымбековдун «Кыргын» романы алгачкы жолу кыргыз тилинен түрк тилине которулду

Кыргыз эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун «Кыргын» романы биринчи жолу кыргыз тилинен түрк тилине которулуп, басылып чыкты. Доцент, филология илимдеринин доктору Самет Азап жана эксперт Эмрах Алтыок котормо ишин колго алып, түрк дүйнөсүнүн тарыхтын трагедиялуу барактарын баяндаган романды түрк тилинде окурмандарга сунушташты. Касымбековдун “Сынган Кылычтан” башталган романдарынын уландысы болгон «Кыргын» романы да жазуучунун башка тарыхый романдарындай эле турмуштан алынган тарыхый фактылар, каармандар менен ойдон чыгарылган. Доцент,доктор Самет Азап бул роман тууралуу: “Кыргын-жок болуп кетүү коркунучуна дуушар болгон элдин үнү. Романды окуп жатканда сөөгүңө чейин сыздап кетесиң. Орус, кытай элинин баскынчылыгы, суук, ачкачылык жана аягы жок бейкүнөө адамдардын өлтүрүлүүсү жөнүндө окуп жатып, көз жашыңды тыя албайсың”. Ал ошондой эле романдын реалисттик стилде жазылганын баса белгилейт.