Бишкек-Самара багытындагы жүргүнчү ташыган поезддин жетекчиси президентке кайрылды

Казакстанда тепловоз менен кагышкан Бишкек-Самара багытындагы жүргүнчү ташыган поезддин жетекчиси Чолпон Асанова Садыр Жапаровго кайрылды. Кайрылууда ал кырсык болгондон тартып, эч кандай жардам берилбей жатканын айтат.

“Кыргызтемиржолу” башкармалыгы тарабынан кайдыгер мамиле жасалып жатат дейт Асанова. “Учурда поезддин төрт кызматкери Казакстанда. Кызматкерлерге эч кандай көңүл бурушкан жок. Ал жакта эч кандай колдоо болгон жок, жада калса электр жарыгы жок, акчалары жок кызматкерлерибиз отурушат. Ал жерде миллион сомго баалана турган жабдыктар бар”, – дейт ал.

Эске салсак, 5-март күнү эртең менен Казакстандын Актөбө облусунда Бишкек-Самара багытындагы жүргүнчү ташыган поезд менен тепловоз кагышкан. Кырсыктан эч ким жабыркаган эместиги айтылган. Окуяны иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлгөн.

Маалыматка караганда, жүргүнчү ташыган поездде 200дөн ашык адам отурган. Алар Казакстандын, Кыргызстандын жана Орусиянын жарандары болгон.