Садыр Жапаровдун 41 миң нускадагы китеби чыкты

Президент Садыр Жапаровдун «Жаңы Кыргызстанды куруунун багыты (идеологиясы)» аталыштагы китеби жарык көрдү.

Китеп 134 беттен жана төрт бөлүмдөн турат:

  • Жаңы Кыргызстанды курууга багыт алуу идеясынын жарылышы;
  • Мамлекеттин өзөк-идеологиялык негизги иш багыттары;
  • Улуттук өзөк-идеологиянын негизги багыттары;
  • Жыйынтыктоочу сөз.

Редактору Ж. Кадыров, корректору С. Кыдырмаев, калыпка салган М. Шырдаков. Китеп жалпы 41 миң нуска менен басылып чыккан.

«Жаңы Кыргызстанды куруунун багыты» китебинде бүгүнкү Кыргызстандын тарыхы, учурдагы окуялар жана келечеги тууралуу баяндалат.

Садыр Жапаров китептин биринчи бөлүмүндө кыргыз жергесинде жашаган көп этностуу эл менен биргеликте жаңы Кыргызстанды курууга чогуу кадам таштоого чакырган. Экинчи бөлүмдө мамлекеттик жана улуттук идеология тууралуу кеп болот. Үчүнчү бөлүмдө болсо улуттук жаңылануу жолу, кыргыз элинин маданияты, каада-салты, улуттук идеологияга тиешелүү ой-толгоолор тууралуу баянталат. Жыйынтыктоочу төртүнчү бөлүмдө президент алдыдагы жаңылануу жолунда аткара турган иштер арбын экенин түшүнүүгө чакырып, биргеликте, ынтымак-биримдик менен бир максатты көрдөй кадам таштасак гана кубаттуу кыргыз мамлекетин кура тургандыгыбыз тууралуу сөз кылат.

Китептин аннотациясында: «Эгемендикти алган алгачкы жылдардан баштап эле улуттун жана мамлекеттин максаттуу өсүп-өнүгүүсүн көрсөткөн идеологиясынын жок болуп жатканы жөнүндө байма-бай сөз болуп келген. Улуттун жана мамлекеттин багыттуу жолун аныктаган, терең мааниге ээ бул эмгектин окурмандарга сунушталышы менен ошол кемчилик толукталды демекчибиз. «Жаңы Кыргызстанды куруу багыты» китебинин жарыяланышы эгемен элибиз өзгөрүүлөрдү эңсеп турган учурга дал келди деп эсептейбиз», — деп жазылган.

2023 08 01 19 21 30 695902 Садыр Жапаровдун 41 миң нускадагы китеби чыкты