Билим берүүнү өнүктүрө турган мугалимдер үчүн усулдук колдонмо басылып чыгат

Кыргызстанда башталгыч класстарда окуган окуучулардын билим деңгээлин көтөрүүгө арналган методикалык колдонмо иштелип чыгат. Ал усулдук колдонмо мугалимдерге арналып, балдарды окутууда инновациялык технологияларды колдонуу ыкмалары камтылат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлайт.

“Окуу керемет!” долбоорунун алкагында иштелип чыккан “Башталгыч класстын окуучуларынын функционалдык сабаттуулугун өнүктүрүү үчүн класстан тышкаркы сабактардын” методикалык колдонмосу”, ата-энелер менен коомчулукту тартуу максатында ар кандай класстан тышкаркы иш-чаралар аркылуу башталгыч класстын окуучуларынын окуу жана математика боюнча функционалдык сабаттуулугун колдоого, ошондой эле баланын социалдык-эмоционалдык көндүмдөрүн жана инсандыгын өнүктүрүүгө багытталган.

Самаркүл Умралиева – Мектептеги билим берүү жана китеп чыгаруу саясатынын башкармалыгынын жетекчиси:

1067126495 993 0 3041 2048 1920x0 80 0 0 4377874268daac00f4025e23f86afdf1 Билим берүүнү өнүктүрө турган мугалимдер үчүн усулдук колдонмо басылып чыгат

“Европа Биримдигинин долбоорунун колдоосу менен биз бул окуу куралын өлкөнүн бардык мектептери боюнча кыргыз жана орус тилдеринде көбөйтүп, жайылта алабыз. Бул колдонмо Жалпы билим берүү уюмдарында билим берүү иштерин пландаштырууда жана ишке ашырууда активдүү колдонулат деп үмүттөнөбүз. Жетекчилик жалпы билим берүү уюмдарында тарбия иштерин пландаштырууда жана ишке ашырууда активдүү колдонулат.

Жогоруда аталган “Окуу керемет” долбоорунун алкагында бүткүл Кыргызстан боюнча мектептердин 60 пайызы иштейт. 1-класстан 4-класска чейин окуткан башталгыч класстардын мугалимдерине арналган окуу усулдук колдонмо аркылуу окутуучулар сабак берүүдө усулдук жардам ала алышат. Негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири ал колдонмо аркылуу жаңы инновациялык технологияларды үйрөнүүгө да мүмкүнчүлүктөр бар. Билим берүү министрлиги бүткүл өлкө боюнча методикалык колдонмону таратып берүүдөн мурун мугалимдерге атайын каникул мезгилдеринде 3,4,6 күндүк тренингдерди өтүп турат. Эң негизгиси мугалимди окуучуну тек гана окутууга эмес, берген билимин терең түшүндүрүп, түшүнүгүн калыптандырууга багытталган инновациялык технологиялар камтылган”.

world literacy day 1 Билим берүүнү өнүктүрө турган мугалимдер үчүн усулдук колдонмо басылып чыгат

Башталгыч класстарда болгон математика жана айлана-чөйрөнү таанып билүү предметтеринен аталган технологияларга үйрөнө алышат. Ошондой эле, кыргыз Билим берүү министрлиги 2025-жылга карата үч багыт боюнча PISA (окуучулардын билимдеги жетишкендиктерин баалоонун эл аралык программасы) эл аралык изилдөө ишине даярданууда. Мындан улам алдыда кышкы каникул мезгилинде мугалимдер окутула баштайт.

Балдар жөнөкөй эсепти чыгарууда анын маанисин окуп түшүнө албай, билим деңгээли төмөн болуп жатканы айтылууда. PISAга ылайыкталган тесттердин түзүлүш механизмдери да көрсөтүлүп, багыт берилет. Андан тышкары учурда окуучулардын жетишкендигин текшерүүчү улуттук баалоо жүргүзүү куралы бар. Бул багыттарда Кыргызстан мугалимдери үч күндүк окуудан ийгиликтүү өтсө, методикалык колдонмону да жетиштүү деңгээлде иш жүзүндө пайдалана алышат.

“Окуу керемет” долбоору 2020-жылдан бери иштеп келүүдө, биринчи этабында “сапаттуу билим” деп аталып, камтылган мектептердин саны азыраак эле. Анын да билим берүүгө кошкон салымы чоң болгону белгиленет. Анда 2016-жылы иштелип чыккан жаңы стандарттар менен жер-жерлердеги мугалимдер окутулган.