«Жаңы китеп» мекемесинин аракети жаңылыкпы?

 Мектептердеги окуу куралдарынын жетишсиздиги көйгөй жаратып, мугалим да, ата-энелер да арбын арызданган орчундуу темага айланган. Бул маселени чечүүгө эбегейсиз эмгек жумшап, акыркы 4 жылда алгылыктуу аракет жасаган «Жаңы мектеп» мекемесинин ишмердүүлүгү жөнүндө кеп кылабыз.

WhatsApp Image 2022 12 21 at 14.09.07 «Жаңы китеп» мекемесинин аракети жаңылыкпы?

 Бул долбоорду баштап, ар бир окуучуга жеткиликтүү китеп деген өзүнчө бир ураан менен иштеп келген мекеменин ийгилиги тууралуу Төлөгөн Аматов баяндайт.

«Жаңы китеп» мекемеси 2018-жылы ишмердүүлүгүн баштаган. Негизги максат – жетишпеген китептерди жөн гана толуктоо эмес, улам эскиргенин кайрадан басып чыгаруу. Бул үчүн атайын механизм иштеп чыкканбыз. Бул – ижара механизми. Ар бир китеп жылына 25 сомго ижарага берилет. Ал акчага биз дагы, мектеп кызматкерлери дагы тийбейт. Топтолгон акчага 5 жылда бир китептер кайрадан басып чыгарылат. Эмнеге 5 жылда бир? Анткени эскирет, жыртылат, стандарт боюнча бир китепти 5 гана жыл колдонууга уруксат»,-дейт «Жаңы китеп» мекемесинин директору Т.Аматов.

 Жаңылык делгени менен, ижарага берүү идеясы кечээ эле чыккан жок. Китептер 1996-жылдан тартып 2006-жылга чейин ижарага берилчү. Эгемендикти алгандан көп узабай жоюлган бул механизм, эми кайра жанданды.

WhatsApp Image 2022 12 21 at 14.09.24 «Жаңы китеп» мекемесинин аракети жаңылыкпы?

Мекеме 4 жылдык аракетинде эскирген китептерди гана жаңыртпастан, жалпы китепкана үчүн жаңылык киргизди. Мурда томдоп отчет жазган китепканачылар эми электрондук базага баарын батырып, кылган кызматы кыйла жеңилдеди. Ал интерактивдүү картаны түзүүгө ири каражат каржыланышы табышмак эмес. Дал ушул маселени чечүүгө көп жылдан бери Кыргызстандын илим-билим тармагындагы өнүгүшү үчүн өзгөчө салымын кошуп келген Евробиримдигинин финансылык колдоосу менен ишке ашкан.

WhatsApp Image 2022 12 21 at 14.09.24 1 «Жаңы китеп» мекемесинин аракети жаңылыкпы?

«Мурда бир отчетту борборго жеткирүү үчүн жети эсе көп иштеген китепканачылар азыр бир топ жүктөн арылды. Мисалы, жетишпеген бир окуу куралын жазып, район, облус, андан ары министрликке жөнөткүчө отчетто жазылган маалымат практикада өзгөрүп кетиши мүмкүн. Бул көп эле убарачылыкты талап кылып келген. Азыр эми ар бир китепканачы жалпы базанын жардамы менен айыл, район, облус, деги эле жалпы республикада жетишпеген китеп, толукталган китептер жөнүндө так жана ылдам маалымат алат. Ал үчүн ар бир китепканачыга компьютерлерди Азия Өнүктүрүү Банкы алып берсе, Евробиримдик интерактивдүү тактаны алып берди. Алып эле тим болбостон, колдонууну да үйрөттүк. Айрымдары токко сайганды билбеген учурлар да болду. Азыр бул тепкичтен өттүк. Баары өздөштүрүп иш тартипке салынып калды. Ал гана эмес китепканачылар өзгөчө дем менен иштеп жатышат, ватсапп группа менен сүйлөшүп, өзүнчө бир мотивация алышты. Бул да болсо чоң жетишкендик деп эсептейм. Аткарылган ар бир иш үчүн Евробиримдигинин аракетин айтпасак болбойт. Электрондук китеп, электрондук база баары Евробиримдиктин колдоосу менен ишке ашып жатат».

 Адатта мамлекет тарабынан мектеп окуу куралдары үчүн жыл сайын 120 млн сомдон бөлүнүп келет. Бирок жалпы керектөөлөрдү толуктоо үчүн 600 млн керектелет. Мамлекет бул каражатты көтөрө албаганы үчүн, «Жаңы китеп» мекемеси түзүлүп ижара механизми кирди. Ошондой эле, Төлөгөн мырзанын айтымында, бекер таратылган китепке караганда ижарага берилген китепти баео сактап, жыртып-тытып салбай колдонушат.

«Башында эмнеге ижара төлөйбүз деп дагы айрым ата-энелер таң калып көнө алышкан эмес. Азыр эми баары жолуна түшүп, кадимкидей китептерди барктап колдонуп калышты. Бир китепти сатып алам десе 250 сомдон 700 сомго чейин болушу мүмкүн, ал эми ошол эле китепканадан ижарага жаңы, таза китепти жылына 25 сомго гана алат. Ыңгайлуу болуп жатпайбы».

 Китептин гана эмес, китепканачынын абройун арттыруу дагы алдыңкы максаттардын бири. Ал үчүн мурда техникалык кызаткердин катарына кирген китепканачылар эми мугалимдик статус алуу алдында турат. Республикалык деңгээлде баарынын башын бириктирип, тажрыйба бөлүшүү, жаңы нукта иштөөнү үйрөнүүгө платформа түзүлдү. Эми эл аралык деңгээлге чыгуу үчүн аракеттерди көрүп жатабыз. Бул багытта Евросоюздун да салмактуу салымы бар экенин баса белгиледи.

WhatsApp Image 2022 12 21 at 14.09.23 «Жаңы китеп» мекемесинин аракети жаңылыкпы?

«Китепканачылардын квалификациясын чет мамлекеттерден көтөрүү планда бар. Азырынча СНГ өлкөлөрү менен сүйлөшүп жатабыз. Андан соң дагы башка амлекеттер менен иш алып барабыз деген максаттарыбыз бар. Бул долбоорду башынан колдоп келген Евросоюздун жардамы менен эптүү Европа менен да алака түзөбүз деген изги тилектер бар».

WhatsApp Image 2022 12 21 at 14.09.22 «Жаңы китеп» мекемесинин аракети жаңылыкпы?

Экономикалык жагынан гана эмес, моралдык жактан китепканачылардын ишин жандантууга жаңы дем берген бул долбоордун алкагында атайын ыр, жазылып, ал кийин өзүнчө бири гимнге айланган.

YouTube video

«Жаңы китеп» мекемеси КР билим берүү мекемелерин заманбап талапка жооп берген окуу куралдары менен камсыз кылуу үчүн түзүлгөн. Жогоруда айтылгандай, ижарага берүү менен кайра басып чыгаруу ишинен тышкары, электрондук китептер да ишке кирген. Кыскача айтканда мурда көпчүлүктү ойлондурган көйгөй жоюлуп, окуу куралдары ар бир окуучу үчүн басылма да түрүндө, электрондук да түрүндө жеткиликтүү болду.

WhatsApp Image 2022 12 21 at 14.09.23 1 «Жаңы китеп» мекемесинин аракети жаңылыкпы?