“Алтын балалыкта” Сириядан келген балдар дарыланып жатат, – Алымкадыр Бейшеналиев

Чолпон-Ата шаарындагы “Алтын балалык” ден соолукту калыбына келтирүү борборунда Сириядан келген балдар дарыланып жатат. Бул тууралуу аталган борбордун жетекчиси Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Айтымында, жакынкы убакытта 400 бала, 170 аял Сириядан алып келинет.

“Сирияда биздин жарандар Кыргызстанга кетебиз деп күтүп жатышыптыр. Мына бир жылдан бери биздин президент, өкмөт, ТИМдин аракети менен азыркы кезде Сириядан биринчи партиясы, тагыраагы балдар “Алтын балалыкка” келди. Биз аларга реабилитация өткөрүп жатабыз. Алар өздөрүн жакшы сезүүдө.

Жакын арада 400 бала, 170 аял Сириядан алып келинет. Аларды “Алтын балалыкта” реабилитация кылабыз. 3 айдын ичинде борборду кошумча адамдарды реабилитациядан өткөрүү үчүн даярдадык. Биринчиден медкызматкерлерди, экинчиден балдар ойногонго бөлмөлөрдү, үчүнчүдөн жылуулук, кийим-кече, койка, матрастарды даярдап койдук. Сириядан келгендерди кабыл алууга даярбыз”, – деп билдирди Бейшеналиев