УКМК Кытайдын жаранын жасалма паспорт менен кармады

Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматта, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, “Манас” аэропортунун көзөмөл-өткөрүү пунктунда Кытай Эл Республикасынын жаранынын жасалма паспортун колдонуп Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган КЭР жараны кармалганы айтылат.


“Бул факты боюнча КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 37-378-беренелеринин (Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү аракети) негизинде кылмыш иши козголгон. Буга байланыштуу 2023-жылдын 29-июнунда Октябрь райондук сотунун чечими менен жогоруда аталган чет мамлекеттин жараны 2023-жылдын 27-августуна чейин Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу ЖАКнын №1-тергөө абагына киргизилди”, – деп айтылат маалыматта.
Учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда. КЭР жаранынын жасалма паспортун даярдоо ыкмасын аныктоо максатында зарыл болгон экспертизалар дайындалды.

49007a15 28de 4cfa 8530 d27544a9fca6 УКМК Кытайдын жаранын жасалма паспорт менен кармады