Чүйдө күч органынын үч кызматкери кармалды

Чүй облустук милициянын Баңгизаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү кызматынын бир кызматкери жана ыкчам чара көрүү атайын бөлүгүнүн эки кызматкери кармалды. Бул тууралуу айрым ММКлар өздүк булактарга таянып жазышты.

Маалыматка караганда, алар Ички иликтөө кызматы тарабынан колго түшүрүлгөн. Аталган кызматкерлер «Россиянын жаранына баңгизат салып коюп, андан дээрлик 300 миң сом акча алган» деп шектелүүдө.

Шектүүлөр кармалып, тергөө абагына камакка алынган. Ишти ИИМдин тергөө кызматы алып барууда.