Кыргызстанда желим баштыктарды колдонууга тыюуу салынат

Бүгүн, 29-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында «КР аймагында полимер пленкасынан пакеттерди жүгүртүүнү чектөө жөнүндөгү” жана “КР укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорлору каралып, үчүнчү окууда кабыл алынды.

Демилгечи – Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев.

Мыйзам долбоору полимердик материалдардын ден соолукка жана айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирин азайтуу максатында иштелип чыккан.

Тагыраагы, мыйзам долбоорлору аркылуу Кыргызстанда полимердик материалдардын ден соолукка жана айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирин азайтуу максатында полимерден жасалган бир жолу колдонулуучу таңгак пакеттерин импорттоого, өндүрүүгө жана сатууга тыюу салууга багытталган чектөөчү чараларды киргизүү каралууда.