Дастан Бекешев: “Кабарды” эч ким окубайт

“Кабар” улуттук маалымат агенттиги техникалык базаны жаңыртуу үчүн 6,9 миллион сом бөлүүнү суранып жатат. 26-июнда Жогорку Кеңештин Бюджет жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында агенттикти республикалык бюджеттен кошумча каржылоо маселеси каралды.

“Пирамида, 5-каналга көп акча берилген, бирок алар банкрот болду. Элдин каражатынан 20 миллион сом бөлүнгөн, бирок жыйынтык жок. Кабарды эч ким окубайт. Ошондой эле Пирамида менен 5-каналды эч ким көргөн эмес”, – деди депутат Дастан Бекешев.

Анын айтымында, баары башка ЖМКларды окушат.

“Кабар” агенттигинин директору Медер Шерматалиевдин айтымында, “Кабардын” техникалык базасы акыркы 15 жылдан бери жаңыланган эмес. Ачыгын айтканда, мамлекет агенттикке көңүл бурган эмес. Агенттикти өнүктүрүү боюнча иштер жүрүп жатат, деп кошумчалады ал.

“6 миллионду алып, мамлекетке 6 сомдук да пайда алып келбешиңер мүмкүн. Сиздерге каражат бөлүнгөн соң, ишиңерде жыйынтык болушу керек “, – деди депутат Камила Талиева.

Талкуунун жыйынтыгында Жогорку Кеңештин тийиштүү комитети республикалык бюджеттен кошумча каржылоого макулдук берди.