Ысык-Көлдө 5 млн сомдун уурдалышы боюнча Каракол шаардык кеңештин депутаты милицияга өзү ыктыяры менен келди

Ысык-Көлдө 5 млн сомдун уурдалышы боюнча эл аралык издөөгө алынган Каракол шаардык кеңештин депутаты милицияга өзү ыктыяры менен келди. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган кылмыш ишиндеги үчүнчү шектүү укук коргоо органдарына өзү келген. Бирок милиция шектүүнүн кайсы жакта жашырынып жүргөнү жөнүндө маалымат берген жок.

«Ал тергөөнүн сыры, айтылбайт», — деп билдиришти милициядан.

Эскертке кетсек, 2022-жылдын 17-ноябрында Тоң райондук милициясына Каракол шаарынын 43 жаштагы К.Э. аттуу тургуну кайрылып, ошол күнү болжол менен саат 02:00до Каракол  — Бишкек багыты боюнча каттаган автобустан 5,2 млн сом акча уурдалганын билдирген.

Маалым болгондой, уурулук автобус Боом капчыгайындагы кафелердин бирине токтоп турган учурда болгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Каракол шаарынын 19 жаштагы тургундары В.И. жана Ю.Р. кармалган. Ошондой эле шектүүлөрдүн үчүнчүсү Каракол шаарынын 27 жаштагы тургуну, шаардык кеңештин депутаты, эл аралык издөөгө алынган К.М. болгон.

Быйыл март айында милиция иш 2022-жылдын аягында Тоң райондук сотуна жөнөтүлгөнүн, бирок үчүнчү шектүү кармала электигин билдирген.