ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери туристтик мезгилде коомдук коопсуздукту камсыздашат

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Атайын багыттагы полку түзүлгөн күнүнөн тарта жайдын курорттук мезгилинде Ысык-Көл облусунда жайгашкан курорттук ден-соолукту чыңдоочу жайларда коомдук тартипти сактап, жарандардын жана чет өлкөлөрдөн келген коноктордун коопсуздугун камсыздоо үчүн кызмат өтөп келет.

Бул тууралуу Атайын багыттагы полкунун басма сѳз кызматы билдирди.

1ac31d2b 757e 43bd 81c8 008083710b26 ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери туристтик мезгилде коомдук коопсуздукту камсыздашат


Бүгүн Атайын багыттагы полктун командири, милициянын полковниги М.Имангазиев 2023-жылдын 26-июнь күнүнѳн тарта Ысык-Көл облусунда кайгуул-күзөт кызматын ѳтѳѳгѳ жѳнѳп жаткан кызматкерлерге саптын кароо ѳкѳрдү. Анда коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун сактоодо, жайкы туристтик мезгилде облус аймагында жайгашкан ден-соолукту чыңдоо жана эс алуучу жайларда, укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алууда ар бир кызматкер мыйзамдуулукту, ѳздүк коопсуздугун бекем сактап, жарандарга сылык, маданияттуу мамиле кылуу, кесиптик этиканын нормаларын сактоо, чет өлкөлүк туристтердин жана эс алуучулардын даттанууларын жана арыздарын өз убагында кароо, жардам сурап кайрылган ар бир жаранга жана туристтерге жардам берүү жана ИИОнун башка кызматтары менен биргеликте, өз ара тыгыз кызмат аткаруусу боюнча талаптарды койду.
Мындан тышкары, полктун жетекчилиги тарабынан жарандар жана чет ѳлкѳдѳн келген туристтер менен иштѳѳ боюнча атайын эскертмелер иштелип чыгып, ѳздүк курамга таркатылып берилди.

9154ce30 a490 4d6f a411 37cc5bbc3f32 ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери туристтик мезгилде коомдук коопсуздукту камсыздашат