Бишкек автотранспорт ишканаларынын жетекчилерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери, Бишкек жүргүнчүлөр ташуу менен алектенген автотранспорт ишканаларынын жетекчилери менен жолугушуу өткөрүштү.


Милициянын кайгуул кызматынын Басма сөз кызматы билдиргендей, жүргүнчү ташыган автобус, кичиавтобус айдоочулары арасында жол эрежелерин так сактоого, маршруттук каттамдарда убактысынан кечикпей жүрүүгө жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна көңүл буруу шарттары коюлду.
Автобус айдоочулары арасында айдоочулук милдеттерин так аткаруу, мыйзамдуулуктун бузулушуна жол бербөө, жолдогу маданияттуулукту жогорулатуу тууралуу түшүндүрүү иштерин күчөтүү талаптары коюлду.
Жолдо жалгыз эле айдоочунун коопсуздугу эмес, айдоочунун жүрүм-турумунан айланасындагы адамдардын да коопсуздугу көз каранды экендигин жана жол эрежесин так сактап, ылдамдыкты ашырбай айдоону эскертишти.

5892c8a1 582a 4825 8ecc 670f0db09688 Бишкек автотранспорт ишканаларынын жетекчилерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү