Кош бойлуулук учурундагы кооптуу мезгилдер

Саламаттык сактоо министрлиги кош бойлуулук учурундагы кооптуу мезгилдерди тизмектеди.

Мекемеден төмөнкүдөй белгилер байкалса тез аранын ичинде Медициналык тез жардам кызматына, жакынкы төрөт үйүнө же дагы башка медициналык уюмга кайрылууну эскертти:

Кансыроо. Кош бойлуу аял үчүн кош бойлуулуктун кайсы гана мөөнөтүндө болбосун бул көрүнүш кооптуу;

Кусуу жана көрүүнүн бузулушу (заттардын экөө болуп көрүнүшү, майда чыбырчыктардын пайда болушу) менен коштолгон катуу баш оору. Бул преэклампсиядан кабар берген жогорку артериялык кан басымдын белгилери;

Түйүлдүктүн кыймылынын азайышы же анын жоктугу анда көйгөй пайда болгонун билдирет.

Ичтин толгоо сымал катуу оорушу, кош бойлуулуктун 37 аптасына жете электе түйүлдүктүн айланасындагы суунун кетиши – ара төрөө коркунучу жаралганын билдирет.

Жыныстык органдын кычышуусу, ачышуусу, заара ушатууда оору менен коштолуп келген адаттагыдан көп суюктуктун келиши заара чыгаруучу же жыныс жолдорундагы инфекциядан кабар берет.

Дене тап 38 градус цельсиядан жогору болсо да дарыгерге кайрылуу зарыл.