Министрлик: кызды зордуктоого аракет кылган жетекчи апрель айында кызматынан кеткен

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин башкармалыктарынын биринин жетекчиси зордуктоого аракет кылган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Kaktus.media сайты укук коргоо органдарына шилтеме берүү менен жазып чыкты. Кармалган адам апрель айында жумуштан бошотулганы маалым болду,

Маалыматка караганда, Б.Б. кечээ, 22-июнда кармалып, баш коргоо чарасы каралганга чейин 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Эскерте кетсек, 15-июнга караган түнү Токтогул жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде токтоп турган жол тандабастын арткы орундугунда кыз менен жигиттин мушташы сырткы көзөмөл камераларына жазылып калган. Ошол эле учурда унаанын эшиги ачык болчу. Ары-бери өткөндөрдүн бурулуп баратканына караганда, ал жактан ызы-чуу чыккан.

Бир нече секунддан кийин кыз жигитке каршылык көрсөтүп, унаадан кулап түшкөн. Ушул убакыт ичинде аны шымы ылдый түшүрүлгөн жигит күч менен кармап турган. Чыр-чатактын жүрүшүндө ал шымын өйдө көтөрүп, кыздын колун кайрып, жерге жыгытып салган.