
20-июнда Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева Билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаевага 2023-жылы Жалпы республикалык тестирлөөдө эң жогорку упай топтоп, “Алтын сертификат” алуу укугуна ээ болгон 54 окуучунун тизмесин тапшырды.
Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору берген тизмеге ылайык, Бишкек шаарынан – 39, Ош шаарынан жана Ош облусунан – 4, Чүй облусунан – 2, Ысык-Көл облусунан – 2, Нарын облусунан – 2, Баткен облусунан – 2, Талас облусунан – 2, Жалал-Абад облусунан – 1 окуучу “Алтын сертификат” алат.
Эң жогорку упай алган 5 окуучунун тизмеси:
- Кызжибек Жээнбекова (236) – Ош шаары, №4 С.Киров атындагы орто мектеби;
- Нурсейит Төрөбаев (236) – Бишкек шаары, Е. Б. Якир атындагы автордук физика-математикалык № 61 мектеп-лицейи;
- Елизавета Алпацкая (234) – Бишкек шаары, “Гарвард Интернейшнл Скул” окуу-тарбия комплекси;
- Аделя Сейитова (234) – Бишкек шаары, “Маариф” билим берүү комплекси;
- Аман Есеналиев (233) – Бишкек шаары, Е. Б. Якир атындагы автордук физика-математикалык № 61 мектеп-лицейи;