Жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу 26-декабрда башталат

Кыргызстанда жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу ушул жылдын 26-декабрында башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

abiturient Жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу 26-декабрда башталат
абитуриент

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуунун биринчи этабы 26-декабрдан 31-декабрга чейин жүрөт.

Конкурска катышуу үчүн талапкерлерди каттоо 26-декабрда башталып, 28-декабрь күнү саат 14:00до аяктайт. Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 29-декабрь күнү саат 9:00гө чейин жайгаштырылат. Ал эми абитуриент өзүнүн окууга болгон каалоосун 29-31-декабрь күндөрү тастыктоосу керек.

Кышкы кабыл алуунун экинчи этабы 2023-жылдын 9-январынан 11-январына чейин уланат. Талапкерлерди каттоо 9-январда башталып, 11-январь күнү саат 14:00дө аяктайт. Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 12-январь күнү саат 9:00гө чейин жайгаштырылат. Абитуриент өзүнүн окууга болгон каалоосун 12-14-январь күндөрү тастыктоосу керек.

Кышкы кабыл алуунун үчүнчү этабы 2023-жылдын 16-январынан 18-январына чейин жүрөт. Конкурска катышуу үчүн талапкерлерди каттоо 16-январда башталып, 18-январь күнү саат 14:00дө аяктайт. Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 19-январь күнү саат 9:00гө чейин жайгаштырылат. Абитуриент өзүнүн окууга болгон каалоосун 19-21-январь күндөрү тастыктоосу керек.

Кышкы кабыл алуунун төртүнчү этабы 2023-жылдын 23-январынан 28-январына чейин созулат. Конкурска катышуу үчүн талапкерлерди каттоо 23-январда башталып, 25-январь күнү саат 14:00дө аяктайт. Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 26-январь күнү саат 9:00гө чейин жайгаштырылат. Абитуриент өзүнүн окууга болгон каалоосун 26-28-январь күндөрү тастыктоосу керек.