Ноокат районунда аз камсыз болгон 327 жаранга 100 миң сомдук сертификаттар тапшырылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, бул аракеттер президент Садыр Жапаровдун жарлыгын аткаруу максатында райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан «Социалдык контракт» долбоорунун алкагында ишке ашырылды.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Нилуфар Алимжанова, Ноокат районунун акими Данир Иманалиев катышты.