ВИДЕО: №41 автобустун айдоочусу милиционерди сүзүп кете жаздады

Бишкекте Киев жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинен №41 автобустун айдоочусу милиционерди сүзүп кете жаздады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, автобустун айдоочусу, 1982-жылы туулган К.Д. жөө өтмөктөрдү жаңылоо иштери жазалып жаткан учурда жол белгилери менен белгиленип, жол конустары орнотулуп, жаңы краскаланган жерди тебелеп өткөн.

Ошол жерде кызматта турган милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери токтотконуна карабастан айдоочу жоопкерчиликтен качып кеткен.

Кийин автобус Чүй проспектиси менен Жаш Гвардия көчөлөрүнүн кесилишинде токтотулуп, айдоочуга карата автоээнбаштык жана жол эрежесин бузгандыгы үчүн жалпы суммасы 20 миң 500 сомго айып протоколдору толтурулган.

Белгиленгендей, автобус айып короого токтотулуп, айдоочунун кылган иш-аракетин мыйзамдуу териштирүү максатында тергөө кызматына жеткирилди.

Буга чейин социалдык тармактарда милициянын кайгуул кызматкерлери менен айдоочунун чыры тууралуу видео тараган.

ajd ВИДЕО: №41 автобустун айдоочусу милиционерди сүзүп кете жаздады