Талас: милиция менен мэрия жарандар менен жолугушуп, юридикалык кеңештерди берди

Бул туурасында Талас ОИИБдин басма сөз кызматы маалымат берди.

Анда Талас ШИИБдин башчысынын орун басары милициянын полковниги Алмазбек Шекербеков жана Талас мэриясынын вице-мэри Мира Сейдикеримова шаардын тургундары менен жолугушканы айтылат.

Жолугушууда шаардын орчундуу көйгөйлөрү жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту болтурбоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Ошондой эле мектеп окуучулары массалык топтошуп мушташуусун алды алуу максатында, түнү рейддик иш-чаралар жүрүп жаткандыгын жана бүтүрүү кечелерди уюштурууга тыюу салынганын эскертишти.

Жыйында жарандар активдүү катышып ар кандай суроолор жооптор берилип, юридикалык кеңештер берилди.

0007eb1e 003c 48f0 b30e 18094b4b0542 Талас: милиция менен мэрия жарандар менен жолугушуп, юридикалык кеңештерди берди
a1cafdc4 06c9 455a a541 5ef21a796d43 Талас: милиция менен мэрия жарандар менен жолугушуп, юридикалык кеңештерди берди
67964da4 3df6 48c7 9afe 51852a2c97e2 Талас: милиция менен мэрия жарандар менен жолугушуп, юридикалык кеңештерди берди