Ниязбеков жол кырсыктарынын саны азайбай жатканына нааразы

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, 2023-жылдын 19-июнунда ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков коомдук тартипти сактоо багытында, көрүлүп жаткан ыкчам чаралар, андан сырткары жол кырсыктарынын санын азайтуу боюнча берилген тапшырмалар аткарылышы туурасында онлайн кеңешме өткөрдү. Кеңешменин жүрүшүндө кылмыш иликтөө кызматына, тергөө кызматына, коомдук коопсуздук кызматына, жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгына бир катар тапшырмалар коюлду.

Алар:


-Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына: Быйылкы жылдын 6 айында жана мурдагы жылдары катталып, бирок бети ачылбай калган кылмыштар боюнча деталдуу талдоолорду жүргүзүп, себептерин аныктап, өз деңгээлинде иш алып бара албаган шаардык, райондук, облустук ички иштер органдарынын башчыларына карата реалдуу сунуштар берилсин. Кылмыштын бетин ачууга мүмкүндүгү болуп туруп, бирок аракет жасабаган жооптуу жетекчилерге, санарип-технологиялык ыкмаларды колдонуп, иш алып барууга чамасы жетпеген кылмыш иликтөө тармагындагы жооптуу жетекчилерге карата өз алдынча чечимдер чыгарылып, катуу чаралар көрүлсүн. Республика боюнча айылдык аймактардан баштап, шаардык деңгээлге чейинки криминогендик абалга туура баа берип, кылмыш иликтөө багытындагы көйгөйлөрдүн тизмесин түзүп, ыкчам-иликтөө чараларын чыңдоо үчүн жаңы баскычтарга шайкеш келген инновациялык сунуштар иштелип чыксын. Кылмыштардын бетин ыкчам ачуу, калк алдында туура жана таза кызмат кылуу тартибин ишке ашыруу колго алынсын;
-Коомдук коопсуздук кызматына: Коомдук жайларда, көчөлөрдө, эл көп чогулган аймактарда коопсуздук чаралары жогорулатылган тартипте жүргүзүлсүн. Бейбаштыктарга, массалык мушташууларга, коомдук тартипти одоно бузуулардын алдын алуу иш чаралары жүргүзүлсүн. Коомдук тартипти камсыздоонун сапатына, натыйжасына жана көйгөйлөргө көңүл бурулуп, алдын алуу чаралары жаңы форматта уюштурулсун. Жер-жердеги ички иштер органдарына, анын ичинде коомдук жайлардагы коопсуздукту чыңдоо үчүн санарип тутумдарын жайылтуу маселеси колго алынсын;
Учурдагы эң башкы маселе болгон жол коопсуздугу боюнча жаралган көйгөйлөрдү өткөн аппараттык кеңешмеде карап, тапшырмаларды бергенбиз. Бирок, берилген тапшырмалар толугу менен аткарылган жок. Жол кырсыктарын алдын алуу боюнча жер-жердеги ички иштер органдарынын жетекчилерине төмөндөгүдөй тапшырма койомун:
-Жол кырсыктарын болтурбоо боюнча жергиликтүү бийлик органдары, мэриялар, акимчиликтер, айыл өкмөттөр, айыл башчылары, айдоочулар коому, транспорт бөлүмдөрү, жол инфраструктурасына жооптуу мекемелер менен тыгыз иш алып барып, жол кырсыктарын азайтуу, адам өлүмү менен коштолгон фактыларга бөгөт коюу иштери тынымсыз жүргүзүлсүн. Сиздерге райондук, шаардык, облустук ички иштер бөлүмдөрү жана башкармалыктары тарабынан аткарыла турган иштер боюнча тапшырмаларды белгилеп өттүм. Ошондуктан, баардык жетекчилер аталган кемчиликтерди эске алып, алдын алуу жана бөгөт коюу иштерин күчөтүңүздөр. Жол кырсыктары боюнча иш-чаралардын жетишсиздигинен туристтик сезондун башталышы менен жол кырсыктарынын саны өсүп жатат.
Ал эми, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгына эл арасында резонанс жаралган жол кырсыктарына бөгөт коюу максатында мындай тапшырма койомун:

  • Оор кесепеттер менен коштолгон бардык жол кырсыктарына кызматтык иликтөөлөр жүргүзүлүп, жол кыймылынын коопсуздугу бөлүктөрүнүн жер-жердеги жетекчилерине катуу чаралар көрүлсүн. Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча буга чейин берилген тапшырмаларды так аткаруу колго алынсын. Унаа кырсыктарынан каза болгон, жаракат алган фактыларга бөгөт коюу боюнча бардык аракеттер көрүлүп, пропагандалык иш-чаралар күчөтүлсүн. Жайкы туристтик сезон учурунда бардык региондо комплекстүү иш-чаралар, анын ичинде профилактикалык таасирдүү иштер алып барылсын. Жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет социалдык тармактары аркылуу жалпы коопсуздукту, анын ичинде жол кыймылынын коопсуздугун чыңдоого карата атайын эскертүүлөр коомчулукка байма-бай жеткирилип турсун.
    “Ички иштер органдарынын башкы максаты – коомчулукка ак дилден кызмат кылып, элдин нааразычылыгын албай, алкышына ээ болуу жогорку сыймык болуп эсептелет. Бул милдетти ар бир жетекчи өздүк курамга туура жеткирип, талаптарды коюп, алардын аткарылышын көзөмөлгө алыңыздар.
    Ар бир учурдун өзүнө жараша жаңылануусу, алдыга карай жылуу процесстери болот. Замандын талаптарынан артта калбай, элдин коопсуздугун камсыздоону жакшыртып, калкыбыздын жашоо-турмушуна карата коопсуздук шарттарды түзүүгө шайкеш келген ишмердик жүргүзүү зарыл. Ал үчүн, бардык ички иштер органдары ыкчам-кызматтык жөндөмдүүлүгүн, күжүрмөн даярдыгын чыңдап, элди тейлөө шарттарын жаңылатып, заманбап талаптарга жооп берген аракеттерди дайыма алып барыш керек. Коомдук тартипти сактап, калкыбыздын тынч жашоосун тынымсыз камсыздап, жарандарыбыздын жай турмуштагы бейпилдигин коргоо – ички иштер органдарына жүктөлгөндүктөн, ар бир милиция кызматкери бул ыйык ишенимди аткарууга милдеттүү.
    Убакыт эч кимди карап күтүп турбайт, мезгил шартка түшүнүп токтоп калбайт. Андыктан, шаар-райондордо эле эмес, айыл-кыштактардан баштап бардык коопсуздук маселеси жөнгө салынып, коопсуз мамлекет баскычына чыгышыбыз керек.
    Сиздердин жасаган ар бир ишиңиздер пиарга эмес, туруктуу кызмат кылууга багытталып, элдин ишенимин жогорулатуу жумуштарын күнүгө жүргүзүңүздөр. Алдыда дагы көптөгөн иштер, тынымсыз аракетти талап кылган аруу эмгектер күтүп турат. Алардын баарын, чогуу ынтымакта, белгиленген тартип менен ишке ашыруу -баарыңыздардын башкы милдетиңиздер болуп эсептелет. Бүгүнкү аппараттык кеңешмеде берилген тапшырмаларды так аткарып, иш жүзүндө натыйжалуу ишке ашырасыздар деп ишенем”,-деди Улан Ниязбеков сөзүн жыйынтыктап жатып.
    Жогоруда аталган маселелер боюнча ИИМдин кызматтары менен башкармалыктарынын жана шаардык жана облустук жетекчилердин ушул багыттагы ишмердүүлүктөрү кеңири талкууланды. ИИМ башчысы Улан Ниязбеков онлайн чогулуштун жүрүшүндө жогоруда белгиленип өткөн учурлардын негизинде бир катар тапшырмаларды коюп, аны сөссүз аткаруу керек экенин белгиледи.