
Бул тууралуу Статистика боюнча улуттук комитеттин маалыматында айтылды.
2023-жылдын алгачкы төрт айында тышка 2 741 автокөлүк соодаланган, бул былтыркыга салыштырмалуу бир топ арбын, тагыраагы, анда көрсөткүч 266ны түзгөн эле.
Бул төрт айдын ичинде Казакстан менен Россия жарандары кыргызстандыктардан 2 712 автоунаа алып кеткен. Былтыр ал сандар 244түн тегерегинде болгону айтылды.