Бишкекте мейманкана өрттөнүп, 3 күжүрмөн эсеп тартылган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Такталган маалымат боюнча тилсиз жоо адам өмүрүнө коркунуч жараткан эмес, жабыркагандар жок.
16-июнь күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда Чыңгыз Айтматов проспектисинде жайгашкан «Причал -24» мейманканасынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 04:53тө Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1, кошумча саат 05:08де 1 жана 05:15те Биринчи Май райондук №4 ӨКБдан 1 жалпы 3 күжүрмөн эсеп тартылган.
Өрт саат 05:33тө чектөөгө алынып, саат 08:20да толук өчүрүлгөн. Өрттүн болжолду аянты 300 ч.м. түзүп, жыгач устундуу калай менен жабылган чатыры, жыгач жасалгасы жана эмеректер күйгөн.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.