Баткенде талкаланган 417 үйдүн дээрлик бардыгы курулуп бүттү

Баткендеги кагылышта талкаланган 417 үйдүн дээрлик бардыгы курулуп бүттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

“Текшерүүнүн жүрүшүндө Баткен облусу боюнча жалпысынан 417 турак-жай жабыркаганы, бүгүнкү күндө 416сынын курулушу бүткөрүлгөнү айтылды. Ак-Сай айылында жайгашкан бир үй 2 күндүн ичинде бүтөт”, – деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, үйлөрдү курууга республикалык бюджеттен 1,3 миллиард сомдон ашуун каражат бөлүнгөн.

Белгилей кетсек, Жапаров былтыр 14-17-сентябрда Лейлек районунун бир катар айылдарында каргашалуу окуядан жабыркаган үйлөрдүн курулушу менен таанышкан.