Караколдо жети акенин «7» деген аталыштагы сүрөт көргөзмөсү болот

1-июлда Каракол шаарында XVIII-XIX-XX-кылымдарда касиеттүү көл өрөөнүнүндө жашап өткөн тарыхый инсандар-жети акенин кайрадан жаңыланып, изилденип өзгөчө чеберчилик менен тартылган чоң масштабдагы жети портрети «7» деген аталыштагы сүрөт көргөзмөсү болот. Бул тууралуу Каракол шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Саламат Медербеков билдирди.

Маалыматка ылайык, Каракол шаарынын мэриясы жана КР сүрөтчүлөр союзунун Ысык-Көлдөгү филиалы уюштуруп жаткан бул иш-чарага конок катары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов катышмакчы.

“Жети” деп аталган сүрөт көргөзмөсүнүн экспонаттары — айтылуу жети акенин элестери түшүрүлгөн картиналар. Портрет жанрында аткарылган, реализм жана импрессионизм ыкмалары менен жазылган чыгармалардын автору – КР Сүрөтчүлөр Союзунун мүчөсү, көптөгөн эл аралык жана жеке көргөзмөлөрдүн катышуучусу Абазбек Апиев.

Көргөзмөнүн максаты – жалпы коомчулукка, өзгөчө жаш муунга кыргыз улутунун тарыхында маанилүү орду бар жети аке феноменин, анын баалуулугун чагылдыруу жана жаюу, ошондой эле бул феноменди Ысык-Көл облусу менен гана чектебестен жалпы улут байлыгы катары баалоого үндөө.

Кошумчалангандай, “Жети” көргөзмөсү Бишкек шаарында улуттук тарых музейинде улантылат.

Белгилей кетсек, Абазбек Апиев – КР Сүрөтчүлөр Союзунун мүчөсү, КР Сүрөтчүлөр Союзунун Ысык-Көл облусундагы филиалынын жетекчиси. Ал 1981-жылы Жети-Өгүз районунун Чырак айылында туулган. С. Чуйков атындагы мамлекеттик сүрөт окуу жайын жана КГУСТА университетин аяктаган. 2009-жылы Орто Азиядагы эң оорчундуу көргөзмөлөрдүн катарына кирген жана Ислам тарыхында алгачкы жолу Мухаммед пайгамбарга тиешелүү буюмдарды живопись жанрында чагылдырылган “Ыйык аманаттар” чыгармалар жыйнагын даярдап, бир катар көргөзмөлөрдү уюштурган.