Бишкекте Lexus RX350 үлгүсүндөгү унаа ала салып кетти.
Маалыматка ылайык, 13-июнга караган түнү 00:40 чамасында Бишкек шаарынын 18 жаштагы А.уулу А. аттуу тургуну Масалиев көчөсү (Түштүк магистраль) менен батыш тарапка бара жатып, “Ынтымак” паркынын тушунан унаасынын рулуна ээ боло албай калып, жол боюндагы бордюрду сүзүп, ала салып кеткен.
«Айдоочу ооруканага жаткырылып, учурда тийиштүү экспертизалар дайындалды»,-деп жазылат маалыматта.
Тергөө иштери жүрүүдө.