Камчыбек Ташиев: аскер түзүмдөрүндө тартипти камсыз кылуу зарыл

Коргоо министрлиги өздүк курамдын арасындагы тартипти жакшыртуусу керек. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

Ал бардык аскер түзүмдөрүндө тартипти камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи. «Айрыкча Коргоо министрлигинде. Силерде үчүн бул маселе абдан курч турат”, – деп кошумчалады Камчыбек Ташиев.

Ал ошондой эле коргоо министрлигин бөлүнгөн каражатты натыйжалуу пайдаланууга чакырды. Атайын кызматтын жетекчисинин айтымында, Коргоо министрлигинин бюджети кыйла көбөйдү.

«Коргоо министрлигин каржылоо канчалык көбөйгөнүн ачык айтышыбыз керек. Каражаттарды пайдаланууга жоопкерчилик менен мамиле кылууну талап кылабыз. Сиздерге көп каражат бөлүнүп жатат», – деди ал.

Камчыбек Ташиев ошондой эле Ички иштер министрлиги менен Коргоо министрлигине өздүк курамдын биргелешкен машыгуусун өткөрүп, курал-жарактарын өркүндөтүүнү сунуштады.