Жайкы туристтик мезгил учурунда коомдук коопсуздукту сактоо жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, жол кырсыктарынын алдын алуу жана аны болтурбоо максатында 13-июндан тартып, 19-июнга чейин, жалпы өлкө аймагында “Рулда” аталышында профилактикалык багытта рейддик иш-чара өткөрүлөт. Бул тууралуу ЖКККББдан билдиришти.
Маалыматка караганда, рейд учурунда айдоочуларга, жөө жүргүнчүлөргө жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери күчөтүлүп, айрыкча ылдамдыкты ашыкча ашырып айдаган айдоочуларга жана мас абалында унаа каражаттарын башкарган айдоочуларга катуу чаралар көрүлөт.
“Урматтуу айдоочулар өзүбүздүн жана башкалардын коопсуздугу үчүн баарыбыз жол эрежелерин так сактайлы!”, — деп эскертет ЖКККББ.