Чүйдөгү мушташ: тургунду сабаган экинчи шектүү кармалды

Чүйдүн Аламүдүн районунун Луговое айылында жарандын сабалышы боюнча экинчи шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

11-июнда экинчи шектүү – Ленин айылынын 25 жаштагы К.К. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Маалыматка караганда, 10-июнда болжол менен саат 21:30да Луговое айылында «Миг» аттуу дүкөндүн жанында белгисиз адамдар 29 жаштагы Т.Ж. аттуу жаранды сабаган. Ага байланыштуу ал милицияга арыз менен кайрылган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Буга чейин бир шектүү — Ленин айылынын 31 жаштагы К.Ж. аттуу тургуну кармалганы кабарланган.

Учурда иликтөө иштери уланууда.