АКШдан Бишкекке почта аркылуу гашиш ташыгандар колго түштү

Америкадан Бишкек шаарына почта аркылуу гашиш майы баңги каражаттарын жеткирүү менен алектенген трансулуттук баңги топторунун ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш Кылмыш-жаза кодексинин 285-беренеси (Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу алып өтүүнүн атайын эрежелери белгиленген предметтердин контрабандасы) жана 282-беренеси (сатуу максатында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) боюнча козголгон.