
Бул тууралуу депутат Балбак Түлөбаев бүгүн, 8-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
“Жок дегенде вице-мэрлерди жайына койгула, улам алмаштыра бербей. Бишекете суу тартыш болуп, Арча-Бешик конушунда элдер ызы-чуу түшүп жатса мэр Сочиде жүрөт. Элди ойлош керек да”, – деди Түлөбаев.
Ал өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, вице-мэрлерди алмаштырбоону жана суу маселесин чечүүнү өтүндү.
Депутаттын пикиринде вице-мэрлер иштин көзүн таба билишет.