Талас районунун Кум-Арык айылынын тургуну 1988- ж.т. К.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылган.
Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 4-июндан 5-июнга караган түнү белгисиз адам үйдүн терезесин сындырып кирип бөлмөдөгү 1 компьютер жана 5 кг этин уурдап кеткен.
“Аталган факт боюнча Талас РИИБдин маалымат электрондук эсепке алуу журналында катталып, Кыргыз Республикасын Кылмыш жаза кодексинин 205-беренесине ылайык кылмыш иши козголгон. Аталган кылмыш иши боюнча Талас ОИИБдин кайгуул күзөт кызматынын кызматкерлеринин ыкчам иш алып баруунун натыйжасында Бакай-Ата районунун Үч-Эмчек айлынын тургуну 1996-ж.т. Р.С уулу аттуу жаран шектүү катары кармалган”, – деп айтылат билдирүүдө.
Кармалган жаран Талас ОИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
![e30ba5d2 8455 4064 87a6 66356234547f Талас ОИИБдин кайгуул күзөт кызматкерлери кылмыштын изин суутпай ачышты](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/06/e30ba5d2-8455-4064-87a6-66356234547f.jpeg)
![ed110eb7 35fc 4e7d a171 647be095bc9f Талас ОИИБдин кайгуул күзөт кызматкерлери кылмыштын изин суутпай ачышты](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/06/ed110eb7-35fc-4e7d-a171-647be095bc9f.jpeg)