Айтматов РИИБдин көчмө кабылдамасы малдарды жайлоолорго кайтарууда этият болууга чакырды

Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Айтматов РИИБдин башчысынын орун басары милициянын майору Ислам Кутманов жана өздүк курам биргелешип, кылмыштуулуктун алдын алуу жана болтурбоо максатында, көчмө кабылдамасы райондун аймактарында юридикалык жана сервистик тейлөө көрсөтүүдө. Ошондой эле жарандарга мал-жандыктарды кароосуз калтырбоого жана малдарды жайлоолорго кайтарууга кошууда этият болууга чакырды.

“Жарандарга башка аймактардан жалданган малчыларды алып келген болсо, Айтматов РИИБдине каттоого зарыл экендигин эскертишти. Жыл башынан тартып Айтматов РИИБдин көчмө кабылдамасы 64 жолу айыл аймактарга чыгуулар болгон, 146 жаран кайрылып, 72 арыз даттануулар келип түшкөн, ошондой эле 39 юридикалык кеңештер берилген”– деп айтылат облустук милициянын билдирүүсүндө.

28bd147d f172 4990 8c75 6e7fbda3c1ff Айтматов РИИБдин көчмө кабылдамасы малдарды жайлоолорго кайтарууда этият болууга чакырды
b02718fd 8b88 490b ae48 f71f40208dea Айтматов РИИБдин көчмө кабылдамасы малдарды жайлоолорго кайтарууда этият болууга чакырды