Бүгүн, 1-июндан 2-июнга караган түнү Ош шаарынын Өзгүр айылында жол кырсыгы катталып, 3 өспүрүм каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, айдоочу «Хонда-Фит» үлгүсүндөгү автоунааны башкара албай, жол боюндагы каналга түшүп кеткен. Натыйжада кырсыктан айдоочу жана эки жүргүнчү каза болгон. Алар:
- 2006-жылы туулган Т.Б., Өзгүр айылынын тургуну, Кара-Суу районунун «Ак-Буура» мектебинин бүтүрүүчүсү. Тергөөнүн алгачкы маалыматына ылайык, рулда болгон;
- 2008-жылы туулган Т.К., Өзгүр айылынын тургуну, Ош шаарынын С.Алымкулов атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу;
- 2008-жылы туулган К.Н., мектеп окуучусу. Ноокат районунун тургуну. Ал каза болгон Т.К.нын (айдоочу) үйүнө айылдап келген.
Алгачкы тергөөнүн маалыматына караганда, айдоочу Т.Б. атасына таандык болгон унааны үйдөн уруксатыз айдап чыккан.
Учурда бул факты боюнча тиешелүү текшерүү иштери башталды.