“39 адам милицияга кайрылган”: жер тилкелерин мыйзамсыз саткан жаран кармалды

Жер тилкелерине байланыштуу алдамчылык фактысына шектелген жаран кармалды, деп билдирди Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Арыз ээсинин айтымында, 2014-жылы Лебединов айыл өкмөтүнүн №154 контурунан, Өскөн-Ордо жаңы конушунан 8 сотых жер тилкесин сатып алып, үй салган. 2022- жылы жерге мунапыс чыгып, жер тилкени менчиктештирүү үчүн бардык керектүү документтерди чогултуп, кезекке турган. Ошол учурда бир жаран пайда болуп, бул контурдагы 4 гектар жер, анын ичинде арыз ээсинин тилкеси ага таандык экенин айтып, жерди бошотууну талап кылган.

Буга байланыштуу дагы 39 адам милицияга кайрылып, бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. 

Кылмышка шектелип 1965-жылы туулган Ж.Т., 1981-жылы туулган Э.У. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 1-июнь күнү дагы бир шектүү — 1965-жылы туулган Д.Д. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөөнүн жүрүшүндө алардын 100дөн ашык алдамчылык фактыларына тиешеси бар экени аныкталган.