Айтматов РИИБи тарабынан издөөдө жүргөн жаран кармалды


Айтматов РИИБи тарабынан жылдын башында үч факты уурулукка шектелип, жоопкерчиликтен качып жүргөн жаранга карата издөө жарыялаган. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, издөө иш аракеттеринин натыйжасында 2001-ж.т. А. К. аттуу жаранды Айтматов РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери ыкчам иш алып баруунун негизинде Бишкек шаарында жашырынып жүргөн жеринен кармап келишкен.

Учурда шектүү Айтматов РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ушул чакта тергөө иштери жүрүп жатат.