Эмгек министринин жаңы орун басары дайындалды

Улан Чаначев эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары болуп дайындалды.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.