Айнур Жоробековага “улуттук крокодил” деген сөзү үчүн сөгүш берилди

Дипломатиялык академиянын кафедра башчысы Айнур Жоробековага “улуттук крокодил” деп айткан сөзү үчүн дисциплинардык сөгүш берилди. Мындай чечим академиядагы атайын жыйында кабыл алынганы окуу жайдын сайтында кабарланды.

Маалыматка ылайык, чогулуштун жыйынтыгында Айнур Жоробекованын сөзү “коомчулуктун намысына тийип, этикалык нормаларды бузган” деп табылды. Ректор Чинара Адамкулова Дипломатиялык академия Тышкы иштер министрлигине караштуу экенин белгилеп, мекеменин позициясын карманууга жана кызматкерлерди ар кандай жыйындарда сүйлөөдө этиканы сактоону эскертти.

Жоробекованын айтымында, конференцияда Борбор Азия өлкөлөрүндөгү орус тили, орус диаспораларынын кысымга кабылуусу жөнүндөгү талкууда Кыргызстанда орус тилинин абалы жакшы экенин айткан. Ал “улуттук крокодил” деген сөзү үчүн кечирим сурап, бул термин эксперттик чөйрөдө коомчулукту араздаштыргандарга колдонулат деди.

Бул маселе тууралуу бүгүн ЖК депутаттары да маселе көтөргөн болчу.