“Сени менен дагы сүйлөшөбүз”: Айнур Жоробекованын тарапташтары журналистти коркутууда

Bulak.kg редакциясынын башкы редактору Семетей Аманбеков дипакадемиянын кафедра башчысы Айнур Жоробекованын жакындары жана тарапташтары жана ошондой эле аталган академиянын бүтүрүүчүсү Алмаз Саяков жана башкалар тарабынан коркутуп-үркүтүүлөр орун алгандыгын билдирди. Өз учурунда журналист мындай нерселерге даяр экендигин айтып, эч кимден коркпой тургандыгын баса белгиледи.

“ЖКнын төрагасы Нурланбек Шакиев тарабынан аталган окуу жай дыкат текшерилип, окуу жай талаптарга жооп бере алабы жана анда кандай окутуучулар сабак берет? Алар болочок дипломаттарды кандай даярдап жатышат?”, – дейт Аманбеков.

Белгилей кетсек, кечээ, 31-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева Россиядагы эл аралык форумда «улуттук крокодилдер» деп айткан ТИМдин Дипломатиялык академиясынын кафедра башчысы Айнур Жоробекованы кылмыш жообуна тартууну сунуштаган.

Эскерте кетсек, Айнур Жоробекова Россиядагы «Валдай» клубунун Борбор Азия конференциясына катышып, «улуттук крокодилдерге жакпаганына карабай, (Кыргызстанда) окуу жайларда орус тилинде окутуу көбүрөөк» деп айткан. Анын айткандары коомчулукта талкууга алынып, сынга кабылган.

Ал эми кечээ эле ага сөгүш жарыяланган.

350996579 6262807817111127 305444522082549877 n "Сени менен дагы сүйлөшөбүз": Айнур Жоробекованын тарапташтары журналистти коркутууда
350761182 781461773511913 1575933960125930867 n "Сени менен дагы сүйлөшөбүз": Айнур Жоробекованын тарапташтары журналистти коркутууда