Жалал-Абадда унааны уурдай качкан жаран кармалды

Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-майда Жалал-Абад облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлерине 1955-жылы туулган А.К. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 27-май күнү 23:30 чамасында Жалал-Абад шаарынын Б.Осмонов көчөсүндө токтоп турган “Деу-Нексия” үлгүсүндөгү авто унаасын белгисиз жарандар айдап качып кетишкенин билдирген.

Бул факты боюнча Жалал-Абад облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе, кылмышка шектүү катары 2000-жылы туулган К.К. аттуу жаранды кармашып, тийиштүү чара көрүү үчүн Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.