БШК: шайлоочулардын жалпы санынын үчтөн биринин добуштары жараксыз деп таанылса, кайра шайлоо болот

КР БШКнын төрагасынын орун басары Тынчтык Шайназаров №26 Ленин шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыгы жана добуш сатып алуу фактылары боюнча журналисттерге маалымат берди.

Шайназаровдун айтымында, Ыкчам чара көрүү координациялык тобуна жалпы 12 арыз келип түшкөн. Анын ичинде Ниязалиеванын окуясы боюнча териштирүү жүрүп жатат.

«Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан шайлоочулардын добушун сатып алуу беренеси менен кылмыш иши козголуп, азыркы күндө тергөө иштери жүрүп жатат. Алдын ала жыйынтык боюнча, талапкер Дамира Ниязалиева 36 пайызга жакын добуш алды. Эгерде тергөө тарабынан анын кыймыл-аракетинде добуш сатып алуу фактылары орун алып, жетиштүү далилдер табылса укук коргоо органдары БШКга талапкердин жоопко тартуу маселесин кароодо айып угузуу үчүн макулдук алыш керек. Мыйзамдын 37-беренесинин 6-бөлүгүндө айтылгандай, эгерде добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын жалпы санынын үчтөн биринин добуштары жараксыз деп таанылса, БШК «шайлоонун жыйынтыгы анык эмес» деген бүтүм чыгарып, кайра шайлоо дайындалат»,-деди Шайназаров.